Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча комиссия жолукту

Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Ал эми жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт. Белгилей кетсек, топографиялык жумушчу топ узаган жылдын декабрь айында Кыргызстанда жолугуп, чек аранын 17,66 чакырым тилкени аныктоого макулдашышкан.